# 24-статья. Коргоо чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Коргоо чаралары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/148)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №141 "Коргоо чаралары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-136/edition/938262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/148/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо чаралары жөнүндө, 24-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-24

---

1. Коргоо чаралары чара мурда белгиленген товарларга анын мөөнөтү

аяктагандан кийин кеминде 2 жыл өтмөйүнчө аларга карата коргоо чаралары

кайталанып колдонулушу мүмкүн эмес.

2. Коргоо чаралары, эгерде алардын аракеттеринин алгачкы мөөнөтү 6

айды же андан аз убакытты түзсө, төмөндөгүдөй шарттар сакталганда:

а) коргоо чаралары киргизилген күндөн тартып бир жылдан кем эмес

убакыт өтсө;

б) бул сыяктуу коргоо чарасы ал киргизилген күндөн мурдагы беш

жылдын ичинде бир эле товарга эки жолудан ашуун колдонулбаса, товарлар-

га карата кайталанып колдонулушу мүмкүн.

3. Эгерде алардын бул товарды жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө үлүшү

3 проценттен ашпаса, БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар би-

ринин жөнөтүүдөгү үлүшү - 3 проценттен азды түзсө, жыйындысында териш-

тирүүгө алынган товарларды бардык жөнөтүүлөрдүн 9 проценттен ашпаганына

туура келген шартта коргоо чаралары БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан

өлкөлөрүнүн товарларына каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

4. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу зыяндын коркунучун аныктаганда

коргоо чаралары олуттуу зыян коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастаган

аныктама чыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана колдону-

луп жаткан убактылуу коргоо чаралары коргоо чараларынын өлчөмүн

эсептөөдө эске алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-25)
