# 19-статья. Убактылуу коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечимди жа-

- Документ: [Коргоо чаралары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/148)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №141 "Коргоо чаралары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-136/edition/938262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/148/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо чаралары жөнүндө, 19-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-19

---

рыялоо

Убактылуу коргоо чаралары убактылуу чараларды колдонуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими расмий басма сөздө жарыяланган

учурдан тартып күчүнө кирет. Жарыялоо төмөндөгүдөй маалыматтарды:

- жөнөтүүчүлөрдүн же товар жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн атын;

- товардын толук сүрөттөлүшүн (бажылык максаттар үчүн жетиштүү);

- олуттуу зыянды баалоонун критерийлерин;

-убактылуу коргоо чараларын көрүүнүн негизги жүйөлөрүн;

- колдонулган чаралардын толук баяндамасын;

- чыныгы кырдаалды түшүнүү үчүн зарыл болгон башка маалыматты жана

укуктук аспекттерди камтууга тийиш.

Жарыялоодо жашыруун маалыматтар болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-20)
