# 15-статья. Угуулар

- Документ: [Коргоо чаралары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/148)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №141 "Коргоо чаралары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-136/edition/938262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/148/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо чаралары жөнүндө, 15-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-15

---

1. Таламдаш тараптар иштин материалдары жана экинчи тараптын

жүйөлөрү менен таанышуу максатында угууларды жүргүзүү жөнүндө ыйгарым

укуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу.

2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ас-

тында өтөт, ал жашыруундуулуктун сакталышын камсыз кылат. Угууларга ый-

гарым укуктуу органдын өкүлдөрү, тараптардын өкүлдөрү жана катышуусу

зарыл болуп саналган башка адамдар катышууга тийиш.

3. Таламдаш тараптар кошумча угууларды өткөрүү жөнүндө өтүнүч жа-

соого укуктуу. Өтүнүч негиздүү болгон учурда ыйгарым укуктуу орган ко-

шумча угууларды өткөрө алат.

4. Угууларды өткөрүүдө протокол жүргүзүлөт. Таламдаш тараптар ко-

шумча маалыматты оозеки берүүгө укуктуу. Ушул статьянын талаптарына

ылайык берилген оозеки маалымат, ал кат жүзүндө ырасталгандан кийин ка-

роого кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-16)
