# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 390
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2994/edition/960930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому (20.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14713

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-августу № 390 Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасына карата методикалык сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
