# 7-статья. Арыз берүү

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 7-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-7

---

1. Субсидияланган товарды ташып келүү аркылуу келтирилген зыяндын

фактылары боюнча териштирүүнү жүргүзүү тууралу арыз ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан же алардын атынан ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө берилет.

2. Арыз төмөндөгүдөй:

- арыз берүүчүнүн аты жана арыз берүүчү тарабынан ушул сыяктуу то-

варды чыгаруунун наркы жана көлөмү тууралу маалыматтар;

- субсидияланган товардын толук баяндалышы, аны чыгарган же экс-

порттогон өлкөлөрдүн же өлкөнүн аты, ошол товардын белгилүү жөнөтүүчүлөрүнүн тизмеси;

- субсидиялардын болушун, өлчөмүн жана мүнөзүн ырастоочу далилдер;

- субсидияланган товарды жөнөтүүнүн көлөмүнүн динамикасы, Кыргыз

Республикасынын ички рыногунда ушул сыяктуу товардын баасына анын таа- сири жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн зыяндын кесепеттери жөнүндө;

- жогоруда көрсөтүлгөн өндүрүүчүлөрдүн үлүшүнө туура келген ушул

сыяктуу товардын наркы жана өндүрүшүнүн көлөмү жөнүндө белгилүү маалы- маттарды камтууга тийиш.

3. Арыз териштирүү башталганга чейин жана анын жүрүшүндө арыз

берүүчү тарабынан кайра алынышы мүмкүн. Арыз териштирүү башталганга че- йин кайра алынган учурда, ал берилбеген болуп эсептелет. Эгер арыз те- риштирүүнүн жүрүшүндө кайра алынса, ыйгарым укуктуу орган териштирүү- нү улантууга же чара колдонбостон аны токтотууга укуктуу.

4. Тапшырылган товар субсидияланган жана зыян келтире тургандыгын

далилдөө үчүн жетиштүү маалыматтар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган кат жүзүндөгү арызсыз эле өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүнүн башта- лышы жөнүндө чечим кабыл ала алат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-8)
