# 55-статья. Компенсациялык чараларды колдонуунун мөөнөттөрү

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 55-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-55

---

1. Компенсациялык чаралар териштирүү башталган күнгө чейин

жүгүртүүгө чыгарылган субсидияланган товарларга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

2. Компенсациялык чаралар ушул статьянын 3, 4-пункттарында

көрсөтүлгөн башка учурларда, бул чараларды жана алымдарды киргизүү туу- ралу чечимдер күчүнө киргенден кийин эркин жүгүртүүгө чыгарылган субси- дияланган товарларга карата гана колдонулат.

3. Компенсациялык алымдар эгерде ыйгарым укуктуу орган зыяндын же

зыяндын коркунучу бар экендиги тууралу алдын ала ырастап аныктама чы- гарган жана бул чаралар ошол товарга колдонулган учурларда гана убакты- луу компенсациялык чаралар киргизилген күндөн тартып колдонулушу мүмкүн.

4. Компенсациялык алым, эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө кыска уба-

кытта субсидияланган товарды массалык түрдө ташып келүү менен зыян кел- тирилгендиги аныкталса жана келтирилген зыяндын кесепеттеринин ордун толтуруу үчүн убактылуу компенсациялык чараларды киргизген күнгө чейин компенсациялык алымдарды өндүрүүнү жүргүзүү зарыл болсо, убактылуу ча- ралар киргизилген күнгө чейин 90 күндөн эрте эмес эркин жүгүртүүгө чы- гарылган товарларга салынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-56)
