# 51-статья. Компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 51-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-51

---

1. Компенсациялык алымдарды киргизүү тууралу ыйгарым укуктуу ор-

гандын ырастаган корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде бажылык органдар, эгер субсидия же субсидиялар кай- ра алынбаса же субсидиялар териштирүүгө тартылган жөнөтүүчүлөргө эми пайда алып келбегендиги далилденбесе, териштирүү жүргүзүлгөн бардык тапшырылган товардан аларды өндүрүп алышат. Компенсациялык алым субсидиялардан пайда алып келген жана баалар боюнча милдеттенмелер кабыл алынган жөнөтүүчүлөр ташып келген товарлар- дан башка бардык булактардан келип түшкөн товарларды жөнөтүүдө бажылык орган тарабынан өндүрүлүп алынат.

2. Компенсациялык алымдарды киргизүү тууралу чечимде субсидиялан-

ган товарды жөнөтүүчү же жөнөтүүчүлөр аталууга тийиш. Эгерде ишке бир өлкөдөн бир канча жөнөтүүчү тартылса жана бардык жөнөтүүчүлөрдү атоо мүмкүн болбосо, ошол өлкө гана көрсөтүлөт. Эгерде бирден ашык өлкөдөн бир нече жөнөтүүчү тартылса, ыйгарым укуктуу орган ишке тартылган бардык жөнөтүүчүлөрдү же эгерде бул прак- тикалык жактан мүмкүн болсо, тартылтан бардык жөнөтүүчү өлкөлөрдүн ар бирин атай кете алат.

3. Компенсациялык алымдар башка бажылык алымдарга, салыктарга жана

башка төлөөлөргө карабастан өндүрүлүп алынат.

4. Бир да жөнөтүлүүчү товарга бир эле убакта компенсациялык жана

антидемпингдик алымдар салынышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-52)
