51-статья. Компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу
Күчүн жоготкон · 03.07.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131.
1. Компенсациялык алымдарды киргизүү тууралу ыйгарым укуктуу ор-
гандын ырастаган корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде бажылык органдар, эгер субсидия же субсидиялар кай- ра алынбаса же субсидиялар териштирүүгө тартылган жөнөтүүчүлөргө эми пайда алып келбегендиги далилденбесе, териштирүү жүргүзүлгөн бардык тапшырылган товардан аларды өндүрүп алышат. Компенсациялык алым субсидиялардан пайда алып келген жана баалар боюнча милдеттенмелер кабыл алынган жөнөтүүчүлөр ташып келген товарлар- дан башка бардык булактардан келип түшкөн товарларды жөнөтүүдө бажылык орган тарабынан өндүрүлүп алынат.
2. Компенсациялык алымдарды киргизүү тууралу чечимде субсидиялан-
ган товарды жөнөтүүчү же жөнөтүүчүлөр аталууга тийиш. Эгерде ишке бир өлкөдөн бир канча жөнөтүүчү тартылса жана бардык жөнөтүүчүлөрдү атоо мүмкүн болбосо, ошол өлкө гана көрсөтүлөт. Эгерде бирден ашык өлкөдөн бир нече жөнөтүүчү тартылса, ыйгарым укуктуу орган ишке тартылган бардык жөнөтүүчүлөрдү же эгерде бул прак- тикалык жактан мүмкүн болсо, тартылтан бардык жөнөтүүчү өлкөлөрдүн ар бирин атай кете алат.
3. Компенсациялык алымдар башка бажылык алымдарга, салыктарга жана
башка төлөөлөргө карабастан өндүрүлүп алынат.
4. Бир да жөнөтүлүүчү товарга бир эле убакта компенсациялык жана
антидемпингдик алымдар салынышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/147/st-51" title="51-статья - Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>