# 41-статья. Убактылуу компенсациялык чаралар жана аларды

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 марта 2010 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О субсидиях и компенсационных мерах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/147#diff=1263113..1263114>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 41-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-41

---

колдонуунун тартиби

1. Ыйгарым укуктуу орган компенсацияга жана зыянга тийиштүү субси-

диялардын бар экендиги тууралу алдын ала ырастап аныктама чыгаргандан кийин бир жумалык мөөнөттө бардык таламдаш тараптарга жана алардын өл- көлөрүнүн расмий органдарына убактылуу компенсациялык чараларды колдо- нуу жөнүндө кабарлоо жиберет. Териштирүүгө тартылган тараптар убактылуу компенсациялык чараларды колдонуунун негиздүүлүгү жаатында Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мөөнөттө кат жүзүндө пикирле- рин берүүгө укуктуу.

2. Убактылуу компенсациялык чаралар Кыргыз Республикасынын бажылык

органдары тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү кабыл алган чечимдин негизинде колдонулат.

3. Убактылуу компенсациялык чаралардын өлчөмү субсидиялардын алдын

ала белгиленген жалпы суммасынан ашпоого тийиш, бирок эгерде мындай өлчөм ата мекендик өндүрүүчүлөргө келтирилген зыянды четтетүү үчүн же- тиштүү болсо, бул суммадан аз болушу мүмкүн.

4. Убактылуу компенсациялык чаралар убактылуу компенсациялык алым-

дар, күрөлүк милдеттенмелер же акча депозити түрүндө белгиленет.

5. Убактылуу компенсациялык чаралар колдонулуп жаткан товарларды

эркин жүгүртүүгө чыгаруу убактылуу чаралар колдонулгандан кийин гана жүргүзүлөт.

6. Териштирүүнүн жүрүшүндө ырасталган субсидиялардын суммасынан

убактылуу чаралардын өлчөмү ашып кеткен учурда, жөнөтүүчү ашып кеткен сумманы кайтартып алууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтүн неги- зинде субсидиялардын суммасынан ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. Кайтарып берүү өтүнүч берилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш. (2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-42)
