# 33-статья. Жашыруундуулук

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 33-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-33

---

1. Териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органга жашыруун катары

берилген маалымат жетиштүү негиздер болгондо жашыруун катары каралууга тийиш жана аны берген тараптын кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча эч кан- дай ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.

2. Жашыруун маалыматты берген тарап бул маалымат боюнча жашыруун

эмес мүнөздөгү түшүнүк катын берүүгө тийиш. Түшунүк кат маалыматтын мањызын түшүнүү үчүн жетиштүү толук болуу- га, же эмне үчүн жашыруун эмес толук катты берүү мүмкүн эместигинин се- бебин түшүндүрүүгө тийиш.

3. Эгерде ыйгарым укуктуу орган жашыруундуулук жөнүндө өтүнүч не-

гиздүү болуп саналбай тургандыгын белгилесе же маалымат чыккан жак маа- лыматты жарыялоону каалабаса, же болбосо аны жалпыланган же кыскача та- ризде жарыялоого уруксат бербесе, ыйгарым укуктуу орган бул маалыматтын так экендиги далилденгенден башка учурда, мындай маалыматты көњүлгө ал- бай кое алат.

4. Жашыруун маалыматты жарыялангандыгы үчүн жооптуу жак Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-34)
