# 30-статья. Зыяндын коркунучу

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 30-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-30

---

1. Ыйгарым укуктуу орган ырасталган фактыларда субсидияланган то-

варларды жөнөтүүдөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирүү коркуну- чуна өзүнүн аныктамасын чыгарат. Субсидияланган товарларды жөнөтүү зыян алып келиши мүмкүн болгон кырдаалды түзүүчү жагдайдын өзгөрүшү алдын ала так көрүлүүгө жана шексиз түрдө болушу керек.

2. Зыяндын коркунучу бар зкендиги жөнүндө аныктаманы чыгаруу менен

ыйгарым укуктуу орган, атап айтканда, төмөндөгүдөй факторлорду:

а) субсидиялардын мүнөзүн жана соодага болжолдуу байланыштуу таа-

сирин;

б) жөнөтүүлөрдүн көлөмүнүн бир кыйла көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн

көрсөткөн субсидияланган товарларды жөнөтүүнүн өсүшүнүн бир кыйла темп- терин;

в) жөнөтүүчүдө башка рыноктордун кошумча жөнөтүүлөрдүн ар кандай

көлөмүн сињирип алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жөнөтүүлөрдүн бир кыйла көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн көрсөткөн жетиштүү экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн же шексиз, бир кыйла көбөйтүүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги;

г) ички рынокто баалардын өсүшүн басандатуучу же басымдуу таасир

көрсөтүп, кыязы, кошумча жөнөтүүлөргө суроо-талаптын жогорулашына алып келе тургандай баалар боюнча жөнөтүүлөрдү;

д) териштирүү жүргүзүлүп жаткан товардын запастарын карап чыгат.

Бул факторлордун бири да өзүнчө турганда чечүүчү мааниге ээ бол- бойт, бирок каралып жаткан факторлордун жыйындысы субсидияланган товар- ларды андан ары жөнөтүү шексиз болуп саналат жана компенсациялык чара- лар колдонулбаган учурда ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирилет же ата мекендик өнөр жайдын тийиштүү тармагын түзүүгө тоскоол болот деген корутундуга алып келүүгө тийиш.

VI Глава Териштирүүнү жүргүзүү

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-31)
