# 28-статья. Зыяндын бар экендигин далилдөө

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 28-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-28

---

1. Ыйгарым укуктуу орган чыныгы маалыматтардын негизинде субсидия-

ланган товарларды жөнөтүү ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирип жаткандыгын далилдөөгө тийиш. Субсидияланган товарларды жөнөтүү менен ата мекендик өндүрүүчүлөргө келтирилген зыяндын ортосундагы себеп- тик-кесепеттик байланыштардын далилдери катары буга таламдаш жактар берген ар кандай чыныгы маалыматтар кызмат кыла алат.

2. Субсидияланган товарды жөнөтүүдөн тышкары ыйгарым укуктуу ор-

ган, ошондой эле ошол эле мезгилде ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирген башка белгилүү факторлорду изилдейт, бирок бул зыян субсидия- ланган товарды жөнөтүүлөргө кошулуп эсептелүүгө тийиш эмес. Бул фактор- лор, атап айтканда, субсидияланган товардын көлөмүн жана баасын, ке- ректөө структурасындагы суроо-талаптын кыскарышын же өзгөрүшүн, чек- телүү соода практикасын жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен ата мекен- дик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты, технологиялык жетишкен- диктерди, ошондой эле жөнетүүлөрдүн натыйжаларын жана ата мекендик өнөр жайдын өндүрүмдүүлүгүн камтыйт.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-29)
