# 22-статья. Компенсациялануучу субсидияларды эсептөөнүн жалпы

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 22-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-22

---

жоболору

Компенсациялануучу субсидиялардын суммасы төмөндөгүдөй жоболорго ылайык аныкталат:

а) компенсациялануучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасына

ташылып келинген субсидиялануучу товардын бирдигине аныкталат;

б) бул сумманы аныктоодо субсидиянын жалпы суммасынан:

- арыз үчүн акы, субсидия укугун сатып алуу үчүн же субсидия алуу

үчүн тартылган башка милдеттүү чыгымдар;

- экспортко салыктар, алымдар же субсидияларды компенсациялоо үчүн

атайын арналган жөнөтүлүүчү товардан алынуучу жана башка жыйымдар чыга- рылып салынууга тийиш;

в) эгер субсидияларды берүү даярдалган, өндүрүлгөн, экспорттолгон

же ташылган товардын санына көз каранды болбосо компенсациялануучу суб- сидиянын суммасы өндүрүштүн, субсидиялоо максатында териштирүүнүн мез- гили ичинде ошол товарды сатуунун же экспорттоонун дењгээли боюнча суб- сидиянын жалпы суммасын тийиштүү бөлүштүрүүнүн жолу менен аныкталат;

г) эгерде субсидия негизги фондуларды сатып алууга же болочокто

сатып алууга байланыштуу болушу мүмкүн болсо, компенсациялануучу субси- диянын суммасы өнөр жайдын ошол тармагындагы негизги фондулардын амор- тизациясынын мезгили боюнча субсидияны бөлүштүрүү жолу менен эсептелет. Териштирүүнүн мезгилине таандык болгон жана ошол мезгилге чейин сатылып алынган негизги фондулар менен байланыштуу сумманы камтыган, ушундай жол менен эсептелген сумма ушул статьянын "в" пунктунда көрсөтүлгөндөй бөлүштүрүлөт;

д) эгерде субсидия сатылып алынган негизги фондулар менен байла-

ныштуу болбосо, териштирүүнүн мезгили ичинде алынган пайданын суммасы, ушул мезгилге таандык кылынууга жана кандайдыр бир башка мезгилге таан- дык кылууну актаган өзгөчө кырдаалдар келип чыкпаса, ушул статьянын "в" пунктуна ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Таламдаш тарап чыгарып салууну талап кылса, анда ал талап негиздүү болуп санала тургандыгын далилдөөгө тийиш.

V Глава Зыянды аныктоо

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-23)
