18-статья. Субсидиялардын компенсацияланышы жана тандалып алынышы
Күчүн жоготкон · 03.07.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131.
18-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 18-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Компенсациялык чаралар эгерде субсидиялар тандалып берилген бо-
луп саналган учурда гана субсидияланган товарларга карата колдонулушу мүмкүн.
2. Субсидия төмөндөгудөй белгилери болгондо ишканага же тармакка
тандалып берилген катары таанылышы мүмкүн:
а) эгерде субсидияны берген орган же ал орган ылайык аракет
жүргүзүп жаткан мыйзам субсидияга карата ишкананын жолун чектесе;
б) эгерде субсидия берген орган же ага ылайык аракеттенген ал ор-
ган мыйзам субсидияга болгон укукту же анын суммасын аныктай турган объективдүү критерийди же шартты белгилесе. Эгерде субсидия алуу укугу автоматтык түрдө болуп саналса, бул критерийлер менен шарттарды катуу сактаганда субсидия тандап алынган катары таанылышы мүмкүн эмес.
в) эгерде сырткы белгиси боюнча субсидия тандалып берилген деп
эсептелбегендигине карабастан, ушул пункттун "а" жана "б" пунктчасында баяндалган принциптерден келип чыгып, субсидия чынында эле тандалып бе- рилген деп болжолдоого негиз болоо, кошумча түрдө төмөндөгүдөй фактор- лор жаралып чыгышы мүмкүн:
- белгилүү ишканалардын чектелүү саны менен субсидиялоонун прог-
раммасын пайдалануу, белгилүү ишканалардын артыкчылык менен пайдаланы- шы, белгилүү ишканаларга субсидиялардын пропорционалдуу эмес зор сумма- ларын берүү, ошондой эле субсидияларды берүү тууралу чечимди кабыл алу- унун тартиби (көп берилгендиги тууралу маалымат каралат, ага ылайык субсидияга арыздар четке кагылат же кабыл алынат жана ушундай чечимдер- дин себептери көрсөтүлөт).
3. Субсидия алган органдын юрисдикциясынын астында айкын географи-
ялык региондун чектеринде жайгашкан ишканалардын чектүү санына берилген субсидия тандалып берилген болуп саналат. Бул өкмөттүк органдар тарабы- нан ыйгарым укуктуу бардык дењгээлдерде жалпы кабыл алынган салыктык ставкаларды белгилөө же өзгөртүү, ушул Мыйзамга карата алганда тандалып берилген субсидия деп эселтелбейт.
4. Эгерде төмөндөгүдөй талаптарга жооп берсе:
а) бирден бир же башка бир канча шарттардын ичинен бири катары
экспорттун натыйжаларына көз каранды болсо;
б) бирден бир же башка бир канча шарттардын бири катары көбүнчө
ата мекендик өндүрүштүн товарларын импорттолгон товарларга караганда артыкчылык менен пайдаланууга көз каранды болсо, субсидиялар тандалып берилген деп эсептелет. Берилген субсидиялар чынында эле же күтүлүп жаткан экспортко же экспорттон түшкөн кирешелерге байланыштуу экендигин фактылар далилдесе, субсидиялар экспорттун натыйжаларынын фактыларына байланыштуу деп эсеп- телет. Субсидия экспортту жүзөгө ашыруучу ишканаларга берилип жатканды- гынын фактысынын өзү, ушул жобонун маанисинде алганда экспорттук бир себеп боюнча гана субсидия катары каралышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/147/st-18" title="18-статья - Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>