# 17-статья. Этибарга алынбай турган чакан субсидияны аныктоо

- Документ: [Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/147)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131 "О специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мерах при импорте товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112612)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-135/edition/1263113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/147/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, 17-статья (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-17

---

1. Эгерде төмөндөгүдөй шарттар сакталса, териштирүүнүн жүрүшүндө

компенсациялоого таандык болгон субсидиялардын суммасы жөнөтүлгөн то- вардын наркынын 1 проценттен кемин түзгөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан этибарга алынбай турган чакан субсидия деп таанылышы мумкүн.

а) өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн жөнөтүүлөрдө этибарга алынбай турган

чектүү чакан сумма тапшырылган товардын наркынын 2 процентинен ашпоого тийиш;

б) БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн, ошондой эле

ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктунун "а" пунктчасында аныкталган экспорттук субсидияларды толугу менен четтеткен, БСУга мүчө болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн этибарга алынбай турган субсидиянын чектүү чакан суммасы жөнөтүлгөн товардын наркынын 3 процентин түзөт. Экспорттук субсидиялар четтетилген учурда бул жобо БСУнун субсидиялар жана компенсациялык чаралар боюнча Комитетине экспорттук субсидияларды четтеткендик тууралу кабар жиберилген күндөн тартып экспорттук субсиди- ялар ошол өнүккөн өлкөгө берилбеген бүткүл мезгилге колдонулат.

2. Эгерде компенсациялоого тийиш болгон субсидиялардын ыйгарым

укуктуу орган белгилеген суммасы териштирүүгө тартылган жекече жөнөтүүчүлөр үчүн ушул статьяга ылайык этибарга алымбай турган болсо, териштирүү токтотулууга тийиш. Бул жөнөтүүчүлөргө карата ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ошол жөнөтүүчүлөрдүн өлкөсү же өлкөлөрү үчүн жүргүзүп жаткан ар кандай андан кийинки кайра карап чыгуунун жүрүшүндө кайталан- ган териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/147/st-18)
