# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 362 "2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 362 "2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2992/edition/960936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 362 "2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому (19.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14669

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-июлу № 362 2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 5-декабрында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык камсыз кылуудагы кызматташтык жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуусу бекитилсин.

2. Аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-августундагы N 65 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
