# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2987/edition/970634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-июлу № 378 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы өзүнө Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасын камтыйт.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап - 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- 2-пунктунун 2.4-пунктчасындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасы "Курулуш агенттиги" деген сөздөрдөн кийин "Экотехинспекция" жана "ӨЭЖМК" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктунун 2.5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
