Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 „Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 3 апреля 2026 года № 221 "Об утверждении Положения о Главном управлении информационных технологий Министерства внутренних дел Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-июлу № 376 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик жана соттук органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу адамдарына жана маалыматтык системаларына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү.";
- 13-пунктунда:
экинчи абзацы "кылмыштар" деген сөздөн кийин ", жоруктар, бузуулар" деген сөздөр менен толукталсын; төртүнчү абзацындагы "кылмыштардын бетин ачуу боюнча укук коргоо органдарынын" деген сөздөр "кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу боюнча ички иштер органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он экинчи абзацы "эл аралык уюмдар" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдары" деген сөздөр менен толукталсын; он бешинчи абзацындагы "цифралык" деген сөз алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат; Бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууга мониторинг жүргүзөт; ага кирүү мүмкүнчүлүгүн берет жана кирүүнү чектейт; Бузуулардын бирдиктүү реестринде камтылган маалыматтарды сактоону жана коргоону камсыздайт; маалыматтык коопсуздуктун талаптарын аткарууну текшерет; системаны пайдалануунун эрежелерин окутат, ошондой эле Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ар кандай функцияларды аткарат.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө…Постановление · 03.04.2026 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 336 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө…Постановление · 03.04.2026 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон