# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 375 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жана Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоо боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 375 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жана Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоо боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 375
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2985/edition/970628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 375 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жана Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоо боюнча чаралар тууралуу" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14629

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-июлу № 375 Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жана Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоо боюнча чаралар тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жана Чек араларда жүктөргө контроль жүргүзүү шарттарын макулдашуу жөнүндө эл аралык конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоо, ошондой эле транспорттук контролдоо пункттарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификаттарын колдонуу жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип), 1-тиркемеге ылайык;

- транспорт каражатынын эл аралык салмак сертификатынын бланкынын формасы, 2-тиркемеге ылайык;

- жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатынын бланкынын формасы, 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үч айлык мөөнөттө транспорт каражатынын эл аралык салмак сертификатынын жана жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификатынын бланктарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Кыргыз Республикасынын аймагында сертификат берүүгө ыйгарым укуктуу транспорттук контролдоо пункттарынын таразага тартуу жабдууларын жыл сайын текшеришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешмесине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысына белгиленген тартипте кабарласын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып өн беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген токтомдун 2-3-тиркемелеринин графикалык көчүрмөсүн караңыз.
