Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 „Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-июлу № 371 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.";
- 6-пунктунда:
"а)" пунктчасындагы он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзөт жана жүргүзөт."; "б)" пунктчасындагы сегизинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген, медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берет.";
- "б)" пунктчасындагы тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- ата мекендик дары каражаттары менен медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын тапшырууга катышууга.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө…Положение · 20.02.2012 · № 118 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 88 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 88 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон