# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2977/edition/1182746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө" токтому (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14604

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-июлу № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө Багыттардын кеңири спектри боюнча кадрларды даярдоону өркүндөтүү, юриспруденция, экономика, башкаруу, маалымат-коммуникациялык технологиялар жаатында фундаменталдык изилдөөлөрдү аткаруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусу "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.

2. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин аталышы "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.

3. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы № 671 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА):

- Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин (КГЮА) юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
