Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы» мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны «Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)» мекемеси деп атоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 июля 2022 года № 417 "О реорганизации Учреждения "Кыргызский национальный университет имени Жусупа Баласагына" и Учреждения "Кыргызский государственный юридический университет (КГЮА)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-июлу № 367 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусун өзгөртүү жана аны "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп атоо жөнүндө Багыттардын кеңири спектри боюнча кадрларды даярдоону өркүндөтүү, юриспруденция, экономика, башкаруу, маалымат-коммуникациялык технологиялар жаатында фундаменталдык изилдөөлөрдү аткаруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин статусу "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.
2. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы" мекемесинин аталышы "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси деп өзгөртүлсүн.
3. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы № 671 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА):
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин (КГЮА) юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 22 октября 2003 года №671 " О Кыргызской государственной юридической академии "Постановление · 22.10.2003 · № 671 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемесинин уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 токтомуна)Устав · 23.07.2019 · № 367 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 417 "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети" мекемесин жана "Кыргыз мамлекеттик юридикалык…Постановление · 29.07.2022 · № 417
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 октября 2003 года №671 " О Кыргызской государственной юридической академии "Постановление · 22.10.2003 · № 671 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон