# 55-статья. Убактылуу антидемпингдик чараларды алып салуунун шарт-

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 55-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-55

---

тары жана тартиби

1. Эгерде колдонуудагы убактылуу антидемпингдик чаралардын чоњдугу

салынган антидемпингдик алымдан аз болсо, айырмачылык өндүрүлүп алынуу-

га тийиш эмес, эгерде көп болсо тапшыруунун каалоосу боюнча айырмачылык

ага бир эле убакта кайтарылып берилет, же болбосо антидемпингдик алым-

дын өлчөмүн эсептөөдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан эске алынат.

2. Ыйгарым укуктуу орган зыяндын коркунучун аныктаганда, антидем-

пингдик алым зыяндын коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастаган аныктама

чыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана күчүндө турган

убактылуу антидемпингдик чаралар алынып салынууга тийиш, ал эми убакты-

луу антидемпингдик чараларды колдонуунун убагында киргизилген акча де-

позити кайтарылып берилүүгө тийиш жана тапшыруучунун ар кандай акчалай

милдеттемеси жокко чыгарылууга тийиш.

3. Эгерде антидмепингдик териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу

орган демпингдин жана зыяндын жоктугун аныктаса, бардык убактылуу анти-

демпингдик чаралар 10 күндүн ичинде алынып салынууга тийиш, ал эми

өндүрүлүп алынган суммалар 30 күндүн ичинде белгиленген тартипте кайта-

рылып берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-56)
