# 53-статья. Баалар боюнча милдеттенмелердин аракети

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 53-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-53

---

1. Ыйгарым укуктуу орган баалар боюнча кабыл алынган милдеттенме-

лерин тапшыруучулар ак ниеттүү аткарган учурда териштирүүнү токтотууга

укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу орган баалар боюнча өзүнө милдеттенме алган

тапшыруучу талап кылганда же өзүнүн демилгеси боюнча демпингдин жана

зыяндын бар экендигин аныктоо үчүн баалар боюнча милдеттемелер кабыл

алынгандан кийин антидемпингдик териштирүүнү улантат.

3. Эгерде демпингдин же зыяндын жоктугу баалар боюнча кабыл алын-

ган милдеттенмелердин натыйжасы болгон учурдан башка убакта демпингдин

же зыяндын жоктугунун фактысы аныкталганда баалар боюнча милдеттенме

ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынып салынат.

4. Баалар боюнча милдеттеме зыян келтирип жаткан демпингке каршы

аракеттенүү үчүн зарыл мезгилдин ичинде жана өлчөмдө күчүндө кала

берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-54)
