Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-статья. Антидемпингдик алымдарды колдонуунун башталышынынын
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
мөөнөттөрү
1. Антидемпингдик териштирүү башталган күнгө чейин эркин
жүгүртүүгө чыгарылган товарларга антидемпингдик алымдар салышыны мүмкүн
эмес.
2. Убактылуу антидемпингдик чаралар жана антидемпингдик алымдар
ушул статьянын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан башка убак-
та бул чаралар менен алымдарды киргизүү тууралу чечимдер жарыялангандан
жана күчүнө киргизилгенден кийин эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларга
гана колдонулат.
3. Антидемпингдик алымдар убактылуу антидемпингдик чаралар кирги-
зилген күндөн тартып, эгерде бул чаралар ошол товарга колдонулса жана
ыйгарым укуктуу орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыяндын же зыяндын
коркунучунун бар экендиги жөнүндө алдын ала ырастоо менен аныктама чы-
гарган учурларда гана салынышы мүмкүн.
4. Антидемпингдик алым убактылуу чаралар киргизилген күндөн тартып
90 күн мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларга салынат, буга эгер-
де антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр белгиленсе, ошол
мөөнөттүн ичинде бирок баалар боюнча милдеттемелерди бузулганга чейин
ташылып келинген товарлар кирбейт:
а) өткөндө зыян алып келген демпингке орун берилсе;
б) кыска убакыттын ичинде демпингдик товарды көп тапшыруу алып
келген зыян киргизилген антидемпингдик алымдын коргонуу натыйжасын
олуттуу үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү болсо.
5. Ушул статьянын 4-пунктунун "а" жана "б" кошумча пункттарында
көрсөтүлгөн фактылардын далилдери болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган
антидмепингдик териштирүүнү токтотот жана антидемпингдик алымдарды кир-
гизүү тууралуу ырастоочу корутундуну чыгарат.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/146/st-48" title="48-статья - Антидемпинг жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>