# 43-статья. Антидемпингдик териштирүүнү аяктоо

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 43-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-43

---

1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга чейин бир айдан

кечиктирбестен, негизинде акыркы чечим кабыл алына турган негизги фак-

тылар менен бардык таламдаш тараптарды кат жүзүндө тааныштырууга тийиш.

Таламдаш тараптарга жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча өзүнүн

сын пикирлерин ыйгарым укуктуу органга киргизиши үчүн 15 күн берилет.

2. Демпингдин, зыяндын жана алардын байланышынын бар экендигин

аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн антидемпингдик териш-

тирүү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алуу менен аяктайт:

- чараларды колдонбостон, антидемпингдик териштирүүнү токтотуу;

- экспорттоочунун жана/же өндүрүүчүнүн баалар боюнча милдеттеме-

лерди алышы;

- антидемпингдик алымдарды киргизүү.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-44)
