43-статья. Антидемпингдик териштирүүнү аяктоо
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга чейин бир айдан
кечиктирбестен, негизинде акыркы чечим кабыл алына турган негизги фак-
тылар менен бардык таламдаш тараптарды кат жүзүндө тааныштырууга тийиш.
Таламдаш тараптарга жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча өзүнүн
сын пикирлерин ыйгарым укуктуу органга киргизиши үчүн 15 күн берилет.
2. Демпингдин, зыяндын жана алардын байланышынын бар экендигин
аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн антидемпингдик териш-
тирүү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алуу менен аяктайт:
- чараларды колдонбостон, антидемпингдик териштирүүнү токтотуу;
- экспорттоочунун жана/же өндүрүүчүнүн баалар боюнча милдеттеме-
лерди алышы;
- антидемпингдик алымдарды киргизүү.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/146/st-43" title="43-статья - Антидемпинг жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>