# 40-статья. Убактылуу антидемпингдик чаралар жана аларды колдонуу-

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 40-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-40

---

нун тартиби

1. Ыйгарым укуктуу орган демпингдин жана зыяндын бар экендиги

жөнүндө алдын ала ырастап аныктама чыгаргандан кийин убактылуу антидем-

пингдик чараларды колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө кабарлоону бардык

таламдаш жактарга жана алардын өлкөлөрүнүн расмий органдарына жиберет.

Кабарлоодон кийин 10 күндүн ичинде териштирүүгө тартылган жактар анти-

демпингдик убактылуу чараларды колдонуунун негиздери жагынан кат

жүзүндөгү сын пикирлерин берүүгө укуктуу.

2. Убактылуу антидемпингдик чараларды киргизүү жөнүндө чечимди ый-

гарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ка-

был алат. Убактылуу алымдар, акча депозити же күрөөлүк милдеттенмелер

таризинде убактылуу антидемпингдик чаралар алдын ала ырастап аныктама

чыгаргандан кийин гана, бирок териштирүү башталган учурдан тартып 60

күн өткөндөн мурда эмес, тапшыруучуга белгилениши мүмкүн. Убактылуу ча-

ралар демпингдин убактылуу белгиленген чоњдугунан көбүрөөк болууга ти-

йиш эмес.

3. Убактылуу антидмепингдик чаралар Кыргыз Республикасынын бажы

органдары тарабынан аларды колдонуу жөнүндө өкмөттүк чечим расмий жары-

ялангандан кийин анын бажылык аймагына эркин жүгүртүүгө чыгарылган то-

варлар үчүн гана колдонулат. Убактылуу чаралар демпингдин убактылуу

белгиленген чоњдугунан көп болууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-41)
