# 38-статья. Угуулар

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 38-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-38

---

1. Таламдаш тараптар иштин материалдары жана экинчи тараптын

жүйөөлөрү менен таанышуу максатында иш боюнча угууларды жүргүзүү

жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу.

2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ме-

нен жашыруундуулуктун сакталышын камсыз кылуу аркылуу өтөт. Угууларга

ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана тараптардын күбөлөрү катышууга

тийиш, булар жөнүндө таламдаш тарап мурдатан кабарлайт. Ар бир тарап

бир угуулууга укуктуу.

3. Угуулар аяктагандан кийин таламдаш тараптар 10 күндүн ичинде

ыйгарым укуктуу органга кошумча маалыматтарды берүүгө укуктуу.

4. Кошумча угууларды жүргүзүү таламдаш тараптардын кошумча угуулар

жөнүндө өтүнүчү негиздүү болгон учурда мүмкүн.

5. Ыйгарым укуктуу орган угууларды жүргүзүүдө протокол алып барат.

Таламдаш тараптар угуулардын убагында кошумча маалымат берүүгө укуктуу.

Ооз эки маалымат кат жүзүндө ырасталгандан кийин гана ыйгарым укуктуу

орган тарабынан карап чыгууга кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-39)
