# 33-статья. Антидемпингдик териштирүү боюнча маалыматтар

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 33-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-33

---

1. Антидемпингдик териштирүү башталгандан кийин ыйгарым укуктуу

орган таламдаш тараптарга суроо-талаптарды жиберет.

Таламдаш тараптарга суроо-талапка жооп берүүгө даярдануу үчүн 30

күн берилет. Бул мөөнөттү ыйгарым укуктуу орган 30 күндөн ашпаган уба-

кытка узарта алат. Суроо-талап почта менен жөнөтүлгөндөн же таламдаш

тараптын өкүлүнө берилгенден кийин 7 күн өткөндө алынды деп эсептели-

нет.

Антидемпингдик териштирүүнүн жүргүзүлүшү ыйгарым укуктуу орган

мөөнөтүн белгилөө менен таламдаш тараптардан кошумча маалымат талап кы-

ла алат, бул мөөнөткө чейин жообу берилүүгө тийиш.

2. Ар бир таламдаш тарап өзү зарыл деп эсептеген ар кандай башка

далилдерди кат жүзүндө берүүгө укуктуу. Кат жүзүндөгү далилдерди кабыл

алуу ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган угуулардан кийин 10 күн

өткөндө токтотулат.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-34)
