# 31-статья. Зыяндын коркунучу

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 31-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-31

---

Зыяндын коркунучу божомолдорго же алыскы келечектерге эмес, факты-

ларга негизделүүгө тийиш жана так болжолдонууга жана сөзсүз болууга ти-

йиш. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыруудан зыяндын

коркунучу төмөндөгүдөй факторлорду талдоонун негизинде ыйгарым укуктуу

орган тарабынан негизделүүгө тийиш:

а) тапшыруулардын андан ары көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн көрсөткөн ички

рынокко демпингди товарды тапшыруунун өсүшүнүн кыйла темптери;

б) Кыргыз Республикасына демпингдик товарды тапшыруунун бир кыйла

андан ары көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн көрсөткөн жетиштүү экспорттук

мүмкүнчүлүктөрдүн тапшыруучуда болушу же сөзсүз, бир кыйла көбөйүшү.

Мында башка экспорттук рыноктордун кошумча тапшыруулардын болжолдонгон

көлөмүн сињирип алуу мүмкүнчүлүгү эске алынат;

в) ички рыноктун бааларынын бир кыйла төмөндөшүнө же басылышына

жана кошумча тапшырууларга суроо-талаптын жогорулашына таасир көрсөтүшү

мүмкүн болгон баалар боюнча тапшыруулар;

г) антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жаткан экспорттун жана же

өндүрүштүн өлкөсүндөгү товардын запастары.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-32)
