# 29-статья. Зыяндын бар экендигин далилдөө

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 29-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-29

---

1. Ыйгарым укуктуу орган иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде

демпингдик товарды тапшыруу демпингдин таасири астында ата мекендик

өндүрүүчүлөргө зыян келтире тургандыгын далилдөөгө тийиш. Демпингдик

товарды тапшыруу менен ата мекендик өндүрүүчүлөргө келтирилген зыяндын

ортосундагы себептик байланыштарды далилдөө үчүн ыйгарым укуктуу орган

бул иште таламдаш тараптар берген ар кандай фактылык маалыматтарды пай-

даланат.

2. Ыйгарым укуктуу орган изилденип жаткан мезгилде аракеттенген

жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирген башка белгилүү фактор-

лордун (демпингдик товарды тапшыруудан тышкаркы) таасирин изилдейт.

Мында аныкталган зыян демпингдик товарды тапшыруунун натыйжасында келип

чыкты деп эсептелүүгө тийиш эмес. Бул факторлор, атап айтканда, дем-

пингдик баалар боюнча сатылбаган тапшырылган товарлардын көлөмүн жана

баасын, керектөө структурасындагы суроо-талаптын кыскарышын же

өзгөрүшүн, чет өлкөлүк жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы

чектөө соода практикасын жана атаандаштыкты, технологиялык жетишкендик-

терди, ошондой эле ата мекендик өнөр жайдын экспортунун жана

өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжаларын камтыйт.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-30)
