# 28-статья. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыру-

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 28-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-28

---

унун таасирине баа берүү

1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыруунун таа-

сирин изилдөө ошол өндүрүштүн абалына таасирин тийгизгидей экономикалык

факторлорду жана көрсөткүчтөрдүн ишине таандык болгондордун баары ыйга-

рым укуктуу органдын баалоосуна киргизилет, анын ичинде:

- сатуулардын, пайданын, продукциянын чыгарылышынын рыноктогу

үлүшүнүн, өндүрүмдүүлүгүнүн, инвестициялардын натыйжалуулугунун же ку-

баттуулуктардын пайдаланылышынын чыныгы жана потенциалдык кыскарышы;

- товардын сапаттык мүнөздөмөлөрүн кошкондо, ички рыноктун баала-

рына таасир тийгизүүчү факторлор;

- демпингдик айырмачылыктын чоњдугу;

- акча агымдарынын кыймылына, товардык запастарга, эмгек менен

камсыз болууга, эмгек акыга, өсүштүн темпине, капиталдын же инвестиция-

лардын тартылышынын мүмкүнчүлүгүнө чыныгы жана потенциалдык таасири.

Бул тизме акыркы болуп саналбайт жана ыйгарым укуктуу орган бел-

гилүү өндүрүштүн абалына таасирин тийгизүүчү башка экономикалык фактор-

лор менен көрсөткүчтөрдү баалай алат.

2. Демпингдик товарды чыгаруунун жана Кыргыз Республикасында окшош

товарды чыгаруунун шарттарын салыштырууну камсыз кылуу, ошондой эле

демпингдик тапшыруулар менен шартталбаган башка факторлордун таасирин

жокко чыгаруу максатында ыйгарым укуктуу орган анын өндүрүштүк-техноло-

гиялык процессин, окшош товарды ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сатышын

жана андан алынган пайданы изилдөөнүн негизинде окшош товардын ата ме-

кендик өндүрүшүн изилдөөнү жүргүзөт.

Эгерде ыйгарым укуктуу органдын ата мекендик өндүрүштүн окшош то-

варларынын тобу боюнча зарыл маалыматы болбосо, анда демпингдик товарды

тапшыруунун таасири зарыл маалымат камсыз болушу мүмкүн болгон окшош

товарлардын тобуна кирген бир кыйла кууш номенклатурадагы товарлардын

ата мекендик өндүрүлүшүн изилдөө жолу менен бааланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-29)
