24-статья. Демпингди аныктоодо валюталарга кайра эсептөө
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
Эгерде экспорттук бааны жана кадимки наркты салыштыруу бир валюта-
дан экинчи валютага кайра эсептөөнү талап кылса, мындай кайра эсептөө
объективдүү негизделген алмашуу курсун пайдалануу менен ыйгарым укуктуу
орган тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш, адетте сатуунун күнү катары
кандай документ сатуунун шартын аныктай тургандыгына жараша контракт-
тын, сатып алууга заказдын, заказды же эсепти ырастоонун күнү эсепте-
лет.
Эгерде экспорттук тапшыруу бул тапшырууга төлөө катары алган чет
өлкөлүк валютаны шашылыш валюталык рыноктордо тапшыруучунун сатуусуна
түздөн-түз байланыштуу болсо, анда ыйгарым укуктуу орган тийиштүү
мөөнөткө жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк валютаны тапшыруучунун сатып
алышында пайдаланылган алмашуу курсун көњүлгө алышы керек.
Ыйгарым укуктуу орган валюталык курстардын кыска убакытка
өзгөрүшүн көњүлгө албайт жана антидемпингдик териштирүүнүн мезгилинде
тапшыруучуларга изилденип жаткан мезгилде валюталык курстардын
өзгөрүшүнүн тенденциясын эске алуу менен өзүнүн экспорттук бааларына
түзөтүү киргизүү үчүн кеминде 60 күн берилет.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/146/st-24" title="24-статья - Антидемпинг жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>