# 20-статья. Экспорттук бааны кадимки нарк менен салыштыруу

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 20-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-20

---

1. Ыйгарым укуктуу орган товардын экспорттук баасы менен кадимки

наркынын ортосунда салыштыруу жүргүзөт. Мындай салыштыруу соода опера-

цияларынын бирдей эле стадиясында, адетте товар жасалган заводдон

жөнөтүү стадиясында жана мүмкүн болушунча бир эле убакта жүзөгө ашырыл-

ган сатууларга карата жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир учурда тапшыруунун,

салык салуунун шарттарындагы, соода операциясынын стадиясындагы, санда-

рындагы, чыныгы мүнөздөмөлөрү жагынан шарттардагы айырмачылыктарды,

ошондой эле таламдаш тараптарга карата салыштыруу бааларына алардын та-

асиринин далилдери келтирилген ар кандай башка айырмачылыктарды кошуп

алганда, баалардын салыштырмалуулугун козгогон айырмачылыктарды эске

алган зарыл түзөтүүлөр жасалууга тийиш.

2. 19-статьяда каралган учурларда жана ушул Мыйзамдын 18-статьясы-

на ылайык тапшыруунун жана кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөн

алымдарды жана салыктарды, ошондой эле товарларды сатуудан жана кайра

бөлүштүрүүдөн алынган пайданын чоњдугун кошуп алганда, чыгымдарга

түзөтүүлөрдү киргизүү да керек. Мындай учурларда, баалардын салыштырма-

луулугун козгосо, ыйгарым укуктуу орган экспорттук баа эсептелгенге

ылайыктуу стадияга эквиваленттүү cоода операциясынын стадиясындагы ка-

димки бааны аныктайт же ушул статья менен уруксат берилген зарыл

түзөтүүлөрдү жасайт.

3. Ыйгарым укуктуу орган таламдаш тараптардан салыштыруу үчүн за-

рыл болгон маалыматты талап кылууга укуктуу. Ар бир конкреттүү учурда,

ыйгарым укуктуу орган ар бир таламдаш тарапка далилдерди берүүнүн зарыл

тартибин белгилейт.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-21)
