Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Өндүрүштүн чыгымын жана пайдасын эсептөө
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
1. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жат-
кан тапшыруучунун бухгалтердик документтеринин негизинде, мындай доку-
менттер экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөдө жалпы кабыл алынган эсеп-
тин принциптерине жана стандарттарына ылайык келген жана ошол товарды
чыгарууга жана сатууга байланыштуу чыгымдары жетиштүү так чагылдырган
шартта өндүрүштүн зыяндарын эсептейт.
2. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө
тапшыруучу берген чыгымдардын туура бөлүштүрүлүшүнүн бардык колдо бол-
гон далилдерин мындай бөлүштүрүү адетте тапшыруучу тарабынан, атап айт-
канда, аммортизациянын тийиштүү мөөнөттөрүн жана нормаларын, капиталдык
чыгымдарды жана өндүрүштү өнүктүрүүгө кеткен башка чыгашаларды белгилөө
үчүн карап чыгат.
3. Ыйгарым укуктуу орган өндүрүштү өнүктүрүүгө же өндүрүштүн ка-
лыптанышынын мезгилинде чыгашалардын кайталанбаган статьяларын эске
алуу менен чыгымга түзөтүү киргизет. Өндүрүштүн калыптанышынын мезги-
линдеги түзөтүүлөр бул мезгилдин акырындагы чыгымдарды эске алат.
Өндүрүштүн калыптанышынын бул мезгили маалымат текшерилген мезгилдин
убагынын чегинен чыгып кеткен учурда ыйгарым укуктуу орган көњүлгө алы-
шы мүмкүн болгон акыркы чыгашалар эске алынат.
4. Чыгымдардын жана пайданын суммалары антидемпингдик териштирүү
жүргүзүлүп жаткан тапшыруучу берген кадимки соода операцияларынын про-
цессинде окшош товарды чыгаруу жана сатуу жөнүндө чыныгы маалыматтарга
негизделет. Эгер мындай сумма бул негизде аныкталышы мүмкүн болбосо,
алар төмөндөгүлөрдүн негизинде аныкталат:
а) экспорттун жана/же товар чыккан өлкөнүн ички рыногунда окшош
товарды чыгарууга жана сатууга байланыштуу ошол же башка тапшыруучу
төлөгөн же алган чыныгы суммалардын негизинде;
б) экспорттун жана/же товар чыккан өлкөнүн ички рыногунда бирдей
сапаттагы бир тектүү товарды чыгарууга жана сатууга байланыштуу анти-
демпингдик териштирүү жүргүзүлүп жаткан башка тапшыруучулар төлөгөн жа-
на алган орточо салмакталган чыныгы суммалардын негизинде.
5. Эгерде бул ыкмалардын бири да колдонулушу мүмкүн болбосо, анда
ыйгарым укуктуу орган ар кандай башка негизделген ыкманы мындай ыкма
менен белгиленген пайданын суммасы экспорттун жана/же товар чыккан
өлкөнүн ички рыногунда ошол эле категориядагы окшош товарларды сатууда
башка тапшыруучулар алган пайдадан ашпаган шартта пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/146/st-18" title="18-статья - Антидемпинг жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>