# 17-статья. Товардын кадимки наркын аныктоо

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 17-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-17

---

1. Өз ара көз каранды сатып алуучулардын ортосунда сатуу адеттеги

соода операцияларынын чектеринде жүргүзүлгөн катары каралбайт жана көз

карандылыктын фактысы товардын наркына таасирин тийгизбегендигинин да-

лилдери болгон учурдан тышкары, кадимки наркты аныктоодо көњүлгө алын-

байт.

2. Товарлар Кыргыз Республикасына алар чыккан өлкөдөн эмес, башка

экспорттоочу өлкөдөн тапшырылган учурда, ыйгарым укуктуу орган, адетте,

ошол экспорттоочу өлкөдө (мындан ары "экспорттун өлкөсү") төлөнгөн же

төлөнүүгө тийиш болгон баанын негизинде кадимки наркты белгилейт.

Кадимки нарк товар чыккан өлкөдөгү баа боюнча төмөндөгүдөй учур-

ларда белгиленет:

- эгер товарлар экспорт өлкөсү аркылуу жөнөтүлгөн (ташылган) гана

болсо;

- эгер окшош товарлар экспорт өлкөсүндө чыгарылбаса;

- эгер экспорт өлкөсүндө аларга салыштырма баа жок болсо.

3. Экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөнүн ички рыногундагы баалар-

га негизденип, товардын кадимки наркын аныктоо мүмкүн болбогон учурда

(анда окшош товарды сатуу жок болгондуктун же мындай сатуулар өзгөчө

рыноктук жагдайдын натыйжасында же экспорттоочу жана/же өндүрүүчү

өлкөнүн ички рыногунда сатуунун кичинекей көлөмүнүн натыйжасында), ый-

гарым укуктуу орган демпингдик айырмачылыкты салыштыруу жолу менен

төмөндөгүдөй аныктайт:

а) белгилүү товарды сатуу жетиштүү сандарда жүзөгө ашырылган шарт-

та үчүнчү өлкөгө экспорттолуучу окшош сапаттагы окшош товарга салыштыр-

ма баа менен;

б) өндүрүш жана сатуу боюнча чыгымды, ошондой эле ушул Мыйзамдын

18-статьясына ылайык аныкталган пайданы камтыган эсептик нарк менен.

4. Окшош сапаттагы окшош товарды сатуу, ыйгарым укуктуу орган та-

рабынан, кадимки наркты аныктоо үчүн, эгерде экспорттоочу жана/же

өндүрүүчү өлкөнүн ички рыногунда керектөө үчүн арналган алардын көлөмү

Кыргыз Республикасында ошол товарды сатуулардын көлөмүнүн кеминде 5

процентин түзгөн учурда, жетиштүү санда жүзөгө ашырылган катары каралы-

шы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу орган сатуулардын кыйла арбын көлөмүнүн да-

лили болгондо, тийиштүү салыштыруу үчүн сатуунун кыйла төмөнкү процент-

тик көрсөткүчүн колдоно алат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-18)
