# 1-статья. Терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Антидемпинг жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/146)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №139 "Антидемпинг жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-134/edition/938256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/146/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Антидемпинг жөнүндө, 1-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

Антидемпингдик териштирүү - эгер сатуу ушул сыяктуу товарларды чы-

гаруучу ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирсе же зыян келтирүү кор-

кунучун туудурса, анын кадимкидей наркынан төмөн баа боюнча сатыла тур-

ган товарды тапшыруучуга карата териштирүү.

Антидемпингдик чаралар - өзүнүн кадимки наркынан төмөн баа боюнча

импорттук товарды сатуу менен келтирилген зыянды четтетүү үчүн убакты-

луу антидемпингдик чаралар жана антидемпингдик алымдар таризинде ыйга-

рым укуктуу орган колдоно турган атайын чаралар.

Антидемпингдик алымдар - экспорттун өлкөсүндө жана/же экспорттун

учурунда, эгерде мындай экспорттук тапшыруулар бул сыяктуу товарлардын

ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо,

экспортту же өндүрүштү өлкөдө керектөө үчүн бул сыяктуу товарларга са-

лыштырма баалардан төмөн баа боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын

бажы аймагында импорттук тапшыруулардын учурунда колдонула турган алым-

дар.

Өз ара көз каранды жактар/тараптар - демпингдин болжолдуу нерсеси

болуп саналган тапшыруучулар менен байланыштуу же өздөрү товар тапшыру-

учулар болуп саналган өндүрүүчүлөр же сатып алуучулар (бүтүмдүн катышу-

учулары). Өз ара көз карандылар катары өз ара байланыштуу бүтүмдүн ка-

тышуучулары таанылат, эгерде:

- жактардын бири директор же экинчи жактын башкармасынын же конт-

ролдук органынын мүчөсү болуп саналса;

- директор, болбосо бир жактын башкармасынын, болбосо контролдук

органынын мүчөсү бир эле убакта директор, же башка жактын башкармасынын

мүчөсү же контролдук органынын мүчөсү болуп саналса;

- алар шериктештер болуп саналса;

- жактардын бири экинчисинин иш берүүчүсү болуп саналса;

- жактардын бири бардык добуштардын кеминде 5 процентин же экинчи

жактын уставдык капиталынын 5 процентин түзүүчү уставдык капиталда

түздөн-түз же кыйыр түрдө пайдалуу добуш укугуна ээ болсо же карамагын-

да болсо;

- эки жак үчүнчү жактын түздөн-түз же кыйыр түрдө контролу астында

болсо;

- эки жак үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр түрдө биргелешип конт-

ролдосо;

- алар тууган-туушкан болуп саналса.

Зыян - демпингдик баалар боюнча товарларды тапшыруунун натыйжасын-

да ата мекендик өндүрүүчүлөр тарткан материалдык зыян.

Убактылуу антидемпингдик чаралар - антидемпингдик териштирүү

жол-жобосу башталгандан кийин убактылуу алымдар, күрөөлүк милдеттенме-

лер же депозитке акча суммаларын берүү таризинде демпингдик товарды

тапшыруучуга карата ыйгарым укуктуу орган колдоно турган алдын ала ан-

тидемпингдик чаралар.

Демпинг (демпингдик товарды ташып келүү) - товарды анын өзүнүн ка-

димки наркынан төмөн Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына ташып

келүү боюнча тапшыруучунун карасанатай аракеттери.

Таламдаш тараптар (жактар) - антидемпингдик териштирүүнүн буюмзаты

болуп саналган чет өлкөлүк экспорттоочу, өндүрүүчү, товарды импорттоочу

же мүчөлөрүнүн көпчүлүгү өндүрүүчүлөр болгон соода же өнөр жай ассоциа-

циясы, мындай товарды чет өлкөлүк экспорттоочулар же импорттоочулар,

экспорттоочу өлкөнүн өкмөтү, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Рес-

публикасында ушундай товарды өндүрүүчү же мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргыз

Республикасында ушундай товарды чыгарган соода же өнөр жай ассоциация-

сы.

Кадимки нарк - экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөдө тапшыруусу

антидемпингдик териштирүүнүн буюмзаты болуп саналган ушул сыяктуу то-

варды сатууда кадимки соода операцияларынын жүрүшүндө төлөнгөн же

төлөнүүгө тийиш болгон баага негизделген нарк.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр - антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүү

үчүн жетиштүү деп табылган өндүрүштүн жыйынды көлөмүндөгү Кыргыз Рес-

публикасында ушундай товарларды чыгаруучулар.

Өлкөнүн расмий органдары - териштирүүгө тартылган башка өлкөлөрдүн

элчилиги, консулдугу, соода өкүлчүлүгү же башка органдары.

Ушундай товарлар - окшош же бир тектүү товарлар:

окшош товарлар-бардык жагынан окшош товарлар;

бир тектүү товарлар-бардык жагынан бирдей болуп саналбаган , бирок

окшош мүнөздөгү жана окшош компоненттерден турган товарлар.

Тапшыруучу - демпингдик товардын чет өлкөлүк өндүрүүчүсү же им-

порттоочусу, экспорттоочусу.

Региондук өндүрүүчүлөр - төмөндөгүдөй шарттарга жооп берип, реги-

ондук рынокто ушундай товарларды өндүрүүчүлөрдүн жыйындысы:

- өндүрүүчүлөр ошол рыноктун ичинде өзүнүн товарынын баарын же

көпчүлүк бөлүгүн сатышкан болсо;

- Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген өндүрүүчүлөр

бул регионго ушундай товарларды тапшырбаса.

Угуулар - таламдаш тараптар талаш маселелерди карап чыгуу

мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн антидем-

пингдик териштирүү жол-жоболорунун бири.

Бажылык тариздөө - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын та-

лаптарына жана жоболоруна ылайык белгилүү бажылык режим астында товар-

ларды жайгаштыруу жана бул режимди аяктоо максатында аракеттерди жасоо.

Ыйгарым укуктуу орган - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн арызы боюнча

же өзүнүн демилгеси боюнча антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүүчү Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органы.

Экспорттук баа - териштирүү жүргүзүп жаткан товар үчүн чынында

төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/146/st-2)
