Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-июлу № 366 "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Үчүнчү протокол Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялангандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 366 токтому менен жактырылган
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протокол (мындан ары - Үчүнчү протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген ченемдерге карама-каршы келбейт. Үчүнчү протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 270 буйругу менен жактырылган. Үчүнчү протокол Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгы тарабынан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алдындагы Байкоочу жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Өнөктөшү статустарын укуктук тариздөө жөнүндө документтердин топтомун иштеп чыгуу боюнча 2010 жана 2017-жылдардагы Беларусь Республикасынын төрагалыгынын жана 2018-жылдагы Казакстан Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул маселе Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда төрагалык мезгилге Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул документти кабыл алуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди чечүүдө үчүнчү мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет. Үчүнчү протокол Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчылары тарабынан кол коюлганга чейин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 23-майындагы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин 2018-жылдын 24-майындагы жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 11-июнундагы жыйындарында жактырылган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставынын 26-беренесине ылайык, ушул Үчүнчү протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш. Үчүнчү протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесептерге, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоого алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3290-VI "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим…Постановление · 17.10.2019 · № 3290-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 3374-VI "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим…Постановление · 27.11.2019 · № 3374-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3429-VI "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим…Постановление · 12.12.2019 · № 3429-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Президентинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы ПБ № 270 "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Учүнчү…Распоряжение · 05.11.2018 · № 270
- 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү…Закон · 14.01.2020 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон