Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 „Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборун түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-июлу № 364 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 "Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 "Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун уставында:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 114, 306-бөлмө.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Борбордун ишинин негизги милдеттери жана багыттары:
- айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу ишин жүргүзгөн агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдү аларды окутуу жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу, бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча маалыматтарды берүү аркылуу колдоо;
- маалыматтык камсыздоо, консультацияларды берүү жана тышкы соода маселелери боюнча окутууну уюштуруу аркылуу агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- агробизнести жүргүзүүнүн кеңири спектри боюнча агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөргө консультацияларды берүү;
- жергиликтүү консультанттарды агробизнестин ишканаларын башкаруу, өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын талаптагыдай башкаруу маселелери боюнча окутууну уюштуруу жана өткөрүү;
- белгиленген тартипте тендердик жол-жоболорду өткөрүү;
- донордук уюмдардын, агробизнестин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын заказы боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүү;
- долбоорлоо сунуштарын даярдоо, айыл чарба жана агробизнес чөйрөсүндөгү эл аралык донор уюмдардын долбоорлорун ишке ашыруу.";
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кардарларга кызмат көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер жана мындай кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк Борбордун өз алдынча тескөөсүнө берилет жана өзүнчө баланста эсептелет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Бардык каражаттар бекитилген бюджетке, ошондой эле директор бекиткен Борбордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобого ылайык пайдаланылат. Борбор топтогон акча каражаттары мамлекеттик бюджетке которулбайт.";
- 18-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү, ал министрликтин кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) министр тарабынан дайындалат, Кеңештин төрагасы болуп эсептелет;"; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү, ап министрликтин кызматкерлеринин ичинен (кызматы боюнча) министр тарабынан дайындалат;"; алтынчы абзацындагы "Дүйнөлүк банктын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Байкоочу Кеңештин курамы Борбордун директорунун буйругу менен бекитилет.";
- 20-пунктунун бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Байкоочу кеңеш электрондук байланыш каражаттары аркылуу, анын ичинде электрондук почта боюнча жыйындарды жана электрондук добуш берүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.";
- 33-пункт "жүзөгө ашырылат." деген сөздөрдөн кийин "Мындай учурлар Борбор Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашырганда болот. Калган учурларда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору же болбосо башка донор уюмдар менен макулдашылган жол-жоболор колдонулат." деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) мамлекеттик органдардан Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборун белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29-ноябрынын, № 873 "Агробизнестин атаандаштыкка жондомдуулук борборун тузуу жонундо" токтомуПостановление · 29.11.2004 · № 873
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон