# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 353
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2971/edition/960191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14586

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-июлу № 353 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн түрдүү этаптарындагы мамлекеттик, коомдук-саясий, экономикалык иш процессинде архив мекемелерине документтерди өз убагында комплекттөө мүмкүндүгүн берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынан басылмалардын милдеттүү акысыз нускасын алуучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын (мекемелердин) тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:

"

22

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви

а) Коомдук-саясий мүнөздөгү расмий документтер;

1 нускадан

б) саясий партиялардын басылмалары;

1 нускадан

в) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын басылмалары

1 нускадан

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-июлундагы N 63 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
