# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 358 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 358 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 358
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2969/edition/960195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 358 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (18.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-июлу № 358 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
