# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 356
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2967/edition/970558/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14579

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-июлу № 356 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жободо:

- расмий тилиндеги тексттин 11-пунктунун 1-пунктчасындагы "граждан" деген сөз "молодежи" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 50-пунктунун "г" жана "д" пунктчаларындагы "медициналык күбөлөндүрүү анкетасында Республикалык чакыруу комиссиясы менен тастыкталган," деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
