# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2962/edition/967310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14570

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 8-июлу № 343 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Укуктук коллизияларды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибинде:

- 7-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пунктчасындагы "өнөр жай жана соода тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "өнөр жай жана соода чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктунун экинчи абзацында:

"финансылык-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "финансылык-кредиттик уюмдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-июлундагы N 61 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
