# 504-23-статья. Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, аларды пайдалануу же тескөө

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1394/edition/284574/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 504-23-статья (11.06.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-23

---

Бажылык контролдон башка жол менен өтүп же ушундай контролдон жашырып, же документтерди же идентификация каражаттарын, декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган жалган документтерди пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, ага тете эле бажы төлөмдөрү боюнча ага карата бажылык жеңилдиктер берилген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз ушундай жеңилдиктер берилгенге байланышпаган башка максаттарда пайдалануучу же алып коюлуучу, же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу тиешелүү документсиз сатуу (кайра сатуу) максатында товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу же тескөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [504-22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-22)  
Кийинки берене: [504-24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-24)
