# 504-22-статья. Товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1394/edition/284574/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 504-22-статья (11.06.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-22

---

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-2, 504-6, 504-7, 504-17, 504-18, 504-19, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү, башкача айтканда, белгиленген жазуу, оозеки же башка формада ишенимдүү маалыматтарды бербөө же товарлар жана транспорт каражаттары, алардын бажылык режими жана бажылык максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же ансыз товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон ташылып келинген ушундай товарлар жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен алардын наркынын отуздан жүзгө чейинки пайызында же болбосо ансыз же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү чарасын колдонуп же болбосо ансыз айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды талап кылынган бажылык режимде жайгаштыруу, бажылык төлөмдөрдүн өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимдерине таасир этпеген жалган маалыматтарды билдирүү, - эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын экиден онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [504-21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-21)  
Кийинки берене: [504-23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-23)
