# 504-19-статья. Бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1394/edition/284574/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 504-19-статья (11.06.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-19

---

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилегенден башка жерден же бажы өндүрүшүн жол-жоболоштуруунун белгиленген убактысынан башка убакытта алып өтүү, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же ансыз ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүүгө; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон ташылып келинген ушундай товарлар жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен алардын наркынын отуздан жүзгө чейинки пайызында же болбосо ансыз же ошол товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүү чарасын колдонуп же болбосо ансыз айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [504-18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-18)  
Кийинки берене: [504-20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-20)
