# 504-17-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө экономикалык жөнгө салуу чараларын жана башка чектөөлөрдү колдонуу тартибин сактабоо

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1394/edition/284574/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 504-17-статья (11.06.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-17

---

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу экономикалык жөнгө салуу чаралары жана башка чектөөлөр колдонулуучу товарларды жана транспорт каражаттарын, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, ушул чараларды жана чектөөлөрдү колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен алып өтүү, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын бештен он бешке чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын он бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жетимишке чейинки пайызында айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [504-16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-16)  
Кийинки берене: [504-18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-18)
