# 504-14-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо бажы аймагына кайра алып келбөө

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1457)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1394/edition/284574/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 504-14-статья (11.06.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-14

---

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, белгиленген мөөнөттө мурда алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны чыгаруу милдеттүү болуп эсептелсе, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан мурда чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны алып келүү милдеттүү болуп эсептелсе, кайрадан алып келбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра алып келүүнү же кайра алып кетүүнү ырастоо катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [504-13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-13)  
Кийинки берене: [504-15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1457/st-504-15)
