# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2958/edition/967836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14560

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-июлу № 345 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун аталышындагы "коэффициент" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;

2) токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Квалификациялуу кадрларды тартуу жана бекитүү, оор жаратылыш-климаттык шартта, бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын жана шарты жок зоналарда жайгашкан Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын ишканаларынын геологиялык чалгындоочу, курулуш жана эксплуатациялоочу иштеринде алектенген адистердин жана жумушчулардын социалдык жактан корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу максатында, "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";

3) экинчи абзацта:

- "коэффициенттер" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;

- "жетүүгө кыйын" деген сөздөрдүн алдында "бийик тоолуу шартта" деген сөздөр менен толукталсын;

4) үчүнчү абзацта "коэффициенттерди" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;

5) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- аталышындагы "коэффициенттеринин" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын;

- үчүнчү графасынын аталышындагы "коэффициенттеринин" деген сөздүн алдында "райондук" деген сөз менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
